Бүгүн Стамбулдан учуп келе турган 212 жүргүнчү кайда жайгаштырылат?

Бүгүн Стамбулдан учуп келе турган 212 жүргүнчү кайда жайгаштырылат?

Бүгүн, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчү учак менен келет. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын бары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.

Өкмөт чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ишин улантары маалымат айтылат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу үчүн  өкмөткө бир жума убакыт берген.

Кыргызстанда 17-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 23 адам катталып, өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 489 кишиге жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>