Site icon Reporter.kg

Бүгүн Түркиядан 330 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Түркиядан 330 Кыргызстандын жарандары өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 15-майда Стамбул-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты.

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга дагы 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүп жатат. Мындай маалыматты бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирген.

Exit mobile version