Бүгүн Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган жаа аттуу боюнча II эл аралык мелдеш башталат

Бүгүн Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган жаа аттуу боюнча II эл аралык мелдеш башталат

Бүгүн, 3-сентябрда, жаа атуу спорту боюнча коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган II эл аралык мелдеш башталат.  Бул тууралуу уюштуруучулар билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.

Мелдеш «Дордой» футбол комплексинде өтөт. Ага Азербайджан, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Орусия, Өзбекстан, Судан жана Тажикстандан келген мергенчилер катышат. Ал эми Кыргызстандан 10 жаачы күч сынашат.

Мелдеш Жаа атуу федерациясы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, «Супара» этнокомплекси жана «Шоро» компаниясынын демөөрчүлүгү менен өтүп жатат. Бул иш-чарага «Дордой» бирикмеси дагы кол кабыш кылууда.

Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш эки жылда бир өткөрүлүп келет. Уюштуруучулар шаардыктарды 6-сентябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтчү мелдештин финалына чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>