Site icon Reporter.kg

Бүгүн Ташиев чет өлкөдөн медкароодон өтөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кеткен. Ал Германияга барганын жакындары ырастап, бүгүн медициналык кароодон өтөрүн билдиришкенин super.kg жазды.

«Германиядагы медициналык жайлардын биринен кароодон өтөт. Анан кандай, эмне болору белгилүү болот. Ал тромб менен жабыркап келет», — дешти жакындары.

Буга чейин Камчыбек Ташиев дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен чет өлкөгө кетип жатканын билдирген.

Exit mobile version