Бүгүн унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү

Бүгүн унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү

Бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Эртең, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Эгерде убагында төлөмдөр жүргүзүлбөсө анда физикалык жактар үчүн 1000 сомго чейин, юридикалык жактар үчүн  5 миң сомго чейин айып салынат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>