Бүгүн унаа, турак-жай салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт

Бүгүн унаа, турак-жай салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт

Бүгүн, 2-сентябрда унаа, турак-жай жана батир  салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандарды бүгүн кечкиге чейин салыктардын эсептелген суммасын төлөөгө чакырат.

Салыктарды банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг, мобилдик капчыгы аркылуу төлөөгө болот.

Кечиктиргендер үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>