Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу башталды

Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу башталды

Бүгүн, 21-июнда Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруунун биринчи этабы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖРТны өткөрүү үчүн республика боюнча 117 борбор даяр. Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 16, Баткен облусунда 9, Ош облусунда 22, Талас облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 10, Нарын облусунда 9 жалпы республикалык тестирлөө борборлору даярдалган.

Ал эми  22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт.

– 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

– 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

– ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;

– 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;

– 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;

– 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>