Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өтөт. Ага 16 саясий партия катышат.
Шайлоого жалпысынан 1 миң 912 Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катталган. Алардын ичинен 618и же 32,32 пайызын аял киши түзөт.
Шайлоо жарышына катыша турган партиялардын тизмеси:
«Ата Мекен»;
Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы
«Бир Бол»;
«Замандаш»;
«Мекен Ынтымагы»;
«Мекенчил»;
«Ыйман Нуру»;
«Республика»;
«Реформа»;
«Ордо»;
«Мекеним Кыргызстан»;
«Социал-Демократтар»;
«Биримдик»;
«Бүтүн Кыргызстан»;
«Кыргызстан»;
«Чоң казат».
Белгилей кетсек, 4-сентябрда үгүт иштери башталып, 3-октябрда токтотулган.