Бүгүн Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат

Бүгүн Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат

Бүгүн, 21-августа Жогорку Сот камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча карайт.

«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 16-июлда Сотто төрагалык кылган судья иш көлөмдүү экенин айтып, Текебаевдин соттук отурумун бир айга жылдырганын билдирген.

“Судья “Биз ишти изилдегенге убакыт керек” деген жүйө менен Өмүрбек Текебаевдин соттук отурумун 21-августка жылдырылды. Биздин жактоочулар жаңы жагдайлар боюнча Текебаевдин иши кайра каралсын деп Башкы прокуратурага 5 ай мурда беришкен. Учурда соттун бир ай убакыт керек дегени түшүксүз болуп жатат. Анын себептерин билбей жатабыз. Бирок сот ушундай чечим чыгарды”, – деген Шыкмаматов.

“Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, негизги күбө – Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин айткан.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов “коррупция” боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>