Site icon Reporter.kg

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 2700дөн ашык медкызматкерге илдет жукту

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда штабдан билдиришти.

Илдетти жуктурган медиктер төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 2
Ош ш. – 4
Ош облусунда – 6
Жалал-Абад облусунда – 6
Талас облусунда – 1
Баткен облусунда – 6.

Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер айыгып ишке келди.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2 миң 768 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 714 медкызматкер айыкты.

Exit mobile version