Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыкты

Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыкты

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкеркоронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алар:
Ош облусунда – 1
Ош шаарында – 1
Бишкек шаарында – 3.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 162 учур катталды.

Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>