«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтетилди

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтетилди

“Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга уруксат берилген жок. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Бүгүн, 3-сентябрдагы БШКнын жыйынында “Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деген айыптоолор боюнча маселе каралды.

Анын жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы партия эреже бузган деп таап, парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат бербөө чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер болуп жаткан Турсунбай Бакир уулу курултайда кабыл алынган тизме өзгөрүп кеткенин айтып чыккан. Ал эми саясий уюмдун жетекчилиги бул маалыматты четке кагып жаткан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>