Site icon Reporter.kg

Б. Бейшеналиева атындагы университетке «улуттук» статусу берилди

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине «улуттук» статусу берилди. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланды.

Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров 22-мартта кол койгон.

Эми мындан ары окуу жай «Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети» деп аталат.

Exit mobile version