Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоевди сагынганын билдирди.
Депутат Чоң-Кеминдеги он айылга токтолуп, жолдор коркунучтуу абалга келгенин айтты.
Ал транспорт министринин аты-жөнүн билбестигин, жүзүн көрбөгөнүн билдирди.
«Урматтуу транспорт министри, сизди сагындык. Жогорку Кеңешке келип жок дегенде жүзүңүздү көрсөтсөңүз жакшы болмок. Сизди абдан сагындык. Барсызбы, жокпу? Эмне кылабыз? Мүмкүн кат жазышабыз?» — деп сурады депутат.