Site icon Reporter.kg

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 40 миң долларлык афган гашиши бар адамды кармашты

Ош облусунда ири өлчөмдөгү баңгизат менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нариман айылындагы айланып өтүүчү жолдо Афганистандан чыккан «гашиш» баңги затынын өзгөчө ири партиясын сатуу учурунда 1985-жылы И.А. жаран кармалган. Аны ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери колго түшүрүшкөн.

Текшерүү учурунда андан кара күрөң түстөгү өзгөчө кара куурай жыты бар сумка табылып, алынган.

Кармалган «гашиш» баңгизатынын жалпы салмагы 10 кг 195 гр.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кара базарда алынган баңгизаттардын баасы болжол менен 40 миң АКШ долларын түзөт.

Exit mobile version