Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси 39 жашында каза болду

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси 39 жашында каза болду

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Олег Запольский дүйнөдөн кайтты. Бул туурлуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматында маркумдун өлүмүнүн себептери жазылган эмес.

Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1998-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2004-жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин түзүлгөндөн баштап кенже лейтенант наамында, жөнөкөй ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөп баштаган.

2010-жылы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнө толук ыйгарымдуу ыкчам кызматкер кызмат ордуна которулган.

2017- жылы экинчи жогорку билимди  Орусиядан аяктаган.  

2019-жылдын январь айынан баштап Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген.

ИИМдин жетекчилиги, коллегиянын мүчөлөрү, ардагерлер кеңеши, генералдар клубу жана министрликтин бардык өздүк курамы маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Олег Запольский «Дело №…» гезитинин негиздөөчүлөрү Виктор Запольский менен Светлана Красильникованын уулу болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>