Баа көзөмөлдөгөн агенттик: Дары-дармектин баасын текшерүүгө уруксатыбыз жок

Баа көзөмөлдөгөн агенттик: Дары-дармектин баасын текшерүүгө уруксатыбыз жок

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирустун кескин күчөшүнө байланыштуу дары-дармектин баасы дагы көтөрүлдү. Интернет колдонуучулардын айтымында, мурда 250 сомдун тегерегинде болгон дары-дармектер учурда 800 сомдун тегерегинде сатылууда.

Дары-дармектердин баасын негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартыларын премьер-министр Кубатбек Боронов дагы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айткан.

REPORTER.KG басылмасы дары-дармектерге болгон баанын көтөрүлүшү боюнча, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Шухрат Сабировго байланышканыбызда буларды айтты.

“Өлкөдөгү дары-дармектердин баасын  саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыздоо департаменти тескейт. Өкмөттүн токтомуна ылайык алар даары-дармектин баасын коюп берүүгө ыйгарым укуктууу орган болуп эсептелет. Бирок алар 8 айдан бери дары-дармектин баасын аныктап, бизге «текшерүү жүргүзгүлө» деп тиешелүү документ жибере элек.  Эгер алар жиберсе биз ошого карап дарыканаларды текшерип, бааны негизсиз көтөргөндөргө чара көрмөкпүз. Азыр биз социалдык товарларды текшергенче дарыканалаарга дагы кирип, бааларды көтөрбөгүлө деп түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп жатабыз. Бирок ар бир дары-дармектин баасы эмнеге мындай баада сатылат, кандай баа коюлган деп көзөмөлдөгөнгө уруксатыбыз жок”, – деди Сабиров.

Ушул тапта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы (Финпол) дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын баасынын жогорулашына жол бербөө боюнча дарыканаларда рейд өткөрүп жатат.

Эгер дары дармектерди көтөрүп алган көрүнүшкө туш болсоңуз 1955 номуру аркылуу Финфолго  кабарласаңыз болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>