«Баары мыйзам чегинде, түшүнбөстүктөр бүттү». Мурдагы директор Каримовага документтерди өткөрүп берди — видео

«Баары мыйзам чегинде, түшүнбөстүктөр бүттү». Мурдагы директор Каримовага документтерди өткөрүп берди — видео

Ырчы Самара Каримова бүгүн, 19-январда Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайында жаңы жумуш ордунда отуруп, бардык документтерди өзүнө өткөрүп алды. Бул тууралуу Каримова «Инстаграмына» жарыялады.

Ал мурдагы директор Нурлан Каримов документтерди толугу менен мыйзам чегинде өткөрүп бергенин айтты.

«Директордун орун басары Бакыт Бакиевич менен биргеликте кабыл алдык. Кудай буюрса жакшылыктардын баары алдыда», — деген ырчы.

Нурлан Каримов мындан аркы кадамдардын бардыгы мыйзам нугунда чечилиши керектигин билдирген.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ??Заслуженная артистка КР ?? (@samarakarimovasinger)

14-январдан бери аталган окуу жайдагы мугалимдер  Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын бүгүнкү күнгө чейин билдирип келишкен.

Мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буйругунун негизинде иштен алынган.

Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга кайрадан 15-январдан тарта жетекчи болгон. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>