Site icon Reporter.kg

Баарын коюп Манасты айт. Түркияда Манас жумалыгы өтөт

 

“2022 –жылы  Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору”  деп табылган Бурса шаарында Бүткүл Дүйнөлүк IV көчмөндөр  оюнунун утурлай,  «Манас» эпосу кыргыз элинин улуттук байлыгы түрк элдеринин көөнөрбөс руханий дөөлөтү, ооз эки элдик чырамачылыктын теңдешсиз эстелиги, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври катары «Манасты» даңазалоо жана аны популяризациялоо багытында “Манас жумалыгы” аттуу улуу эпос аркылуу түрк маданияттын эл аралык масштабта таанытуу иш чарасы Кыргызстандын презинденти Садыр Жапаровдун  колдоосу менен өтөт.

Кыргыз маданиятын түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары   дүйнө  жүзүнө таанытуу максатында, «Манас жумалыгында» Кыргызстандан келген манасчылар «Манас» айтып, Түркия мамлектинин Бурса  шаарында ушул жылдын 21-28- сентябрь аралыгында    эл аралык Түрксой уюму, Кыргызстандагы маданият, маалымат, туризм жана спорт, жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстандагы элчиси,  Стамбул Башкы консулдугу,  Бурса облусунун губернаторлугу, Бурса шаарынын мэриясы, “Манас” улуттук театры  аталган маданий иш-чараны өткөрүүнү демилгелейт.

“Манас” – эпосу дүйнөдө теңдеши жок эң чоң эпос. Бириккен Улуттар уюму 1995-жылы Манас эпосун “Кыргыз элинин руханий бермети” деп жарыялаган, ал эми 2019-жылы “Манас.Семетей. Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталган. “Манас” эпосу кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк элинин руханий көөнөрбөс мурасы, баалуулугу жана дөөлөтү. Бул багытта элдик оозеки чыгарманын дүйнөлүк шедевирин жалпы адамзатка жайылтуу азыркы доордо эң актуалдуу маселе. “Манас” эпосу – гуманизм менен сабырдуулуктун, тынчтык менен эл достугунун, табият менен карым-катнаштын, түрк элдеринин түпкү маданиятынын  асыл бермети.  “Манас” эпосу аркылуу биз түпкүрү терең, дили бир, тили бир бир тууган түрк элдеринин руханий асыл дүйнөсүн кеңири жайылтуунун көздөйбүз.

Ошол кыргыз баатырлары Айкөл Манастын эр жүрөк урпактары  болгондугунун тарыхый негизи жана тарыхый дареги бар. Мына ушул тарыхый тамырды, байланышты мындан ары терең улоо багытында байыркы Бурса шаарында атактуу Манас эпосун айтуу боюнча Манас жумалыгы Кыргызстан, Казахстан, Түркия жана Венгриядан келген манасчылардын коштоосу менен өтөт.

  1. Ачылыш салтанаты
  2. Театралдык пролог
  3. Манасчылардын узак мөөнөттө манас айтуусу.

“Баарын коюп Манасты айт” аттуу Манас жумалыгынын Ачылыш азамени ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы секретары Султан Раев, Түрк Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омуралиев Каныбек катышуусу менен өтөт!

Кыргызстандын манасчылары

  1. Рыспай Исаков –манасчы
  2. Азиз Биймырза уулу – манасчы
  3. Нурбек Талантбеков –манасчы
  4. Улан Исмаилов –манасчы
  5. Самат Көчөрбаев –манасчы
  6. Талантаалы Бакчиев манасчы
  7. Замирбек Баялиев манасчы
  8. Азамат Болгонбаев төкмө акын
  9. Максат Кулуев төкмө акын

Иш чаранын коноктору:

  1. Хайреттин Ивгин -Түркия
  2. Баянгали Алимжанов- Казакстан
  3. Осман Шахин -Түркия
  4. Арас Булут Селви -Түркия
  5. Шомфай Кара Мажарстан -(Венгрия)
    Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version