Site icon Reporter.kg

Видео: Жалал-Абадда жыландын уусун сатууга аракет кылгандар кармалды

Жалал-Абад облусунда жыландын уусун сатууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ала-Бука айылында 1 чет элдик жана Кыргызстандын 3 жараны 500дөн ашык ампуладагы (1 ампула 5 г) гюрза жыланынын уусун сатууга аракет кылып жатканда колго түшүрүлгөн. Гюрза жыланын уусу коңшу мамлекеттен алынып келген.

Бул уу фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык баңгизатты даярдоодо колдонулат. Аталган жыландын уусунун 1 граммы көмүскө базарда 300-600 доллар турат (500дөн ашык ампуланын баасы болжол менен 750 миң – 1,5 млн доллар).

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version