Site icon Reporter.kg

Баатырова Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырованы тааныштырды.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, саламаттык сактоо министри кызматына дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Бүгүн Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version