Site icon Reporter.kg

Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды

Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп,  саламаттык сактоо министри болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-сентябрдагы жыйынында Гүлнара Баатырованын саламаттык сактоо министр кызматына дайындалышын колдогон. 

Exit mobile version