Саясатчы Өмүрбек Бабанов Шереметьево аэропорту аркылуу Бишкекке учканы маалым болду. Бул тууралуу бир катар басылмалар жазышууда.
Өмүрбек Бабановдун колдоочуларынын айтымында, ал түшкү саат 14:50дө “Манас” аба майданына конот.
Өлкөдөгү акыркы саясий кырдаалдан соң Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учуп келүүнү чечкен.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бабанов өлкөгө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен.