Site icon Reporter.kg

Бабанов эжесине куран окуткан ресторанга айып салынды

«Республика” партиясынын мурдагы төрагасы Өмүрбек Бабанов эжесине куран окуткан “Кайнар” ресторанынын ээлерине айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэринин кеңешчиси  Гуля Алмамбетова жазып чыкты.


Түзүлгөн комиссия “Кайнар” ресторанынын ээлерине айыпты «тийиштүү түзүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн аткаруудан качуу» деген кине менен салган.  Айып пулдун суммасы 13 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек буга чейин, “Кайнар” ресторанында “Республика” партиясынын мурдагы төрагасы Өмүрбек Бабанов эжесине куран окуткан.

Ал жерде Kaktus.media сайтынын маалыматына караганда, ресторанга жогорку кызматтагы адамдар жана саясатчылар чогулган.

Аталган сайт жарыялаган видеодо, журналистти белгисиз бир адам ресторандын аймагына жакын жолотпой, анын ишине тоскоолдук жаратканын көрүүгө болот.  Видеого Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев дагы түшүп калган.

Кийин Reporter.kg басылмасынын кабарчысы Аалы Карашев менен байланышканда, ал ресторанда куран окутулуп жатканын ырастап, бирок канча адам жана кимдер келгендиги тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан эле.

Exit mobile version