Бабанов: Кара пиарды токтот! Кампадан табылган дарылар мага тиешелүү эмес

Бабанов: Кара пиарды токтот! Кампадан табылган дарылар мага тиешелүү эмес

Эл издеп жаткан дары-дармекти катып алган кампалар мага же менин туугандарыма таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок! Бул тууралуу “Республика” партиясынын мурдагы төрагасы Өмүрбек Бабанов “Фейсбук” баракчасына жазды.

“Биздин доктурлар ар бир адамдын өмүрү үчүн, мекендештерибиз ар бир дем үчүн күрөшүп жатышканда, мындай кыянаттык менен калпты колдонууга болобу?

Социалдык тармактарда отурган жана жалган материалдарды бөлүшкөндөрдүн баарына мен айткым келет. Азыр адамдардын эмоциясын кыянаттык менен пайдаланган учур эмес! Азыр чындыкты айтыш керек!

Дары кампасы мага же менин туугандарыма таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок!

Таң калганым, каржы полициясы жана өкмөт бул кампалар кимге таандык экендигин эмнеге дароо ачык билдиришпейт? Көбүнчө алар тез эле аттарын аныкташат, эмне үчүн азыр унчугушпайт? Кимге таандык экенин расмий түрдө тезинен жарыя кылыштары керек, болбосо чоң суроолорду жаратып жатышат”, – деп жазган.

Белгилей кетсек, Фейсбукта жана айрым сайттарда кампалардан табылган керектүү дарылар Өмүрбек Бабановго тиешелүү экендиги тууралуу маалыматтар жарыяланды.

14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов эл издеп жаткан гепарин сыяктуу дарыларды кампларга катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандар аныкталганын айткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>