Бабанов УКМКга үчүнчү жолу сурак берүүгө кирип кетти

Бабанов УКМКга үчүнчү жолу сурак берүүгө кирип кетти

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине үчүнчү жолу  сурак берүүгө кирип кетти. Бул тууралуу бир катар басылмалар жазып чыгышты.

Ал УКМК имаратынын алдында тургун журналисттердин суроосуна сурактан чыккандан соң жооп берерин айткан.

9-августта Бишкекке кайтып келген Өмүрбек Бабанов жалпысынан 8 иш боюнча суралып жатат. УКМК ага байланыштуу төрт иш, Финансы полициясы да төрт иш иликтенип жатканы белгилүү болду. Бирок алар кайсы иш экени азырынча белгисиз.

Жалпысынан Өмүрбек Бабанов УКМКга эки ирет, Финансы полициясына үч ирет сурак берди.

Сүрөт sputnik.kg/Нурис Алымбаев

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>