Site icon Reporter.kg

Бабанов журналистке 1 млн сомго доо койгон. Иш эмне менен аяктаганы айтылды

Мурдагы өкмөт башчы, ишкер Өмүрбек Бабанов журналист Эламан Карымшаковго койгон 1 млн сомдук доосун кайтарып алды. Бул тууралуу Эламан Карымшаков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Журналист алардын соттук териштирүүсү токтогонун, ортого түшүп, мунасага келүүгө жардам берген адамдар болгонун белгиледи.

«Алардын демилгеси менен Бабанов мырзанын өкүлдөрү менен жолугуп, ортодогу талаштуу маселени талкууладык. Бабанов мырзанын өкүлдөрү мен даярдаган материал коомчулук тарабынан бир тараптуу кабыл алынып калганын белгилешти. Анткени анын мурдагы өнөктөшү Бабановду соттун чечими жок, далилсиз жана негизсиз айыптаганын айтышты.

Мен болсо, башынан эле айтып келгендей, бир тарабы менен дос, экинчи тарапка кас эмесмин. Материал даярдоодо кесиптик милдетимди гана аткаргам жана бейтараптуулукту сактоо үчүн экинчи тарапка кайрылганымды белгиледим», — дейт ал.

Карымшаковдун айтымында, анан интервьюсунан кийин Бабанов да өнөктөшү менен түзүлгөн жагдай тууралуу өз чындыгын коомчулукка ачыктап, бир катар орчундуу жана талаштуу жагдайлар бар экенин айткан. Ал эми мурдагы өнөктөштөрдүн иши сотто териштириле берет.

Эскерте кетсек, быйыл апрелде журналист Эламан Карымшаков Бабановдун мурдагы өнөктөшү Болотмамбет Жээнбеков менен маек куруп, анда Жээнбеков мурдагы саясатчы «Фрунзе» дүкөндөрүн тартып алганын айтып чыккан. Кийинчерээк Өмүрбек Бабанов айыптоолорго жооп берип, Жээнбековдун сөздөрүн четке каккан. Бабанов мурдагы өнөктөшүн алдамчылыкка айыптаган.

Бабанов моралдык зыян катары Карымшаков менен Жээнбековго 1 млн сомдон доо койгон.

Exit mobile version