БАЭнин жана Кыргызстандын билим берүү министрлери жолугушту

БАЭнин жана Кыргызстандын билим берүү министрлери жолугушту

Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министрлери жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 13-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн. Анда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадинин эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.

Анын алкагында эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, Кыргызстанда  биргелешкен кыргыз-араб илимий-изилдөө борборун куруу, студенттерге БАЭнин ЖОЖдорунда стипендиялык программалар аркылуу окуу үчүн квоталарды бөлүү жана буга чейин түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында эки министрликтин кызматташытыгын улантуу тууралуу сүйлөшүү жүргөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>