Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министрлери жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу 13-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн. Анда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадинин эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.
Анын алкагында эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-араб илимий-изилдөө борборун куруу, студенттерге БАЭнин ЖОЖдорунда стипендиялык программалар аркылуу окуу үчүн квоталарды бөлүү жана буга чейин түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында эки министрликтин кызматташытыгын улантуу тууралуу сүйлөшүү жүргөн.