Site icon Reporter.kg

Баетов айылында 97,4 млн сомго музыкалык мектептин жаңы имаратын салуу пландалууда

Нарындын Баетов айылындагы Нурак Абдрмахманов атындагы балдар музыкалык мектеби үчүн жаңы имарат курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Мектепти салууга 97 млн 485,8 миң сом каралган.

Тендер боюнча арыздар 20-мартка чейин кабыл алынат.

Эскерте кетсек, Баетов айылындагы музыкалык мектеп комузчу, Кыргызстандын эл артисти Нурак Абдрахмановдун алып жүрөт.

Нурак Абдрахманов 1947-жылы жарык дүйнөгө келип, 2014-жылы каза болгон.

Exit mobile version