Байден бийликтеги алгачкы 100 күндөгү планы жөнүндө айтып берди

Байден бийликтеги алгачкы 100 күндөгү планы жөнүндө айтып берди

Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байден Ак үйдүн башчысы болуп турган алгачкы 100 күндүн ичинде эмне кылууну пландап жатканын айтты. Бул тууралуу ал NBC News телеканалына берген маегинде билдирген.

Биринчи кезекте, ал миграциялык мыйзамдарды өзгөртүүнү пландап жатат. Бул үчүн ал 11 миллион документсиз адамга жарандык алууга мүмкүнчүлүк берген материалды Сенатка жөнөтөт.

Байден ошондой эле АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жарлыктарын сынга алып, алардын жокко чыгарылышына жетишүүнү убада кылды. Ошол эле учурда, Байден бул пункттардын аткарылышы «АКШ Конгрессинен кандай кызматташтыкты ала алам же ала албайм» көз каранды экендигин белгиледи.

Үчүнчү кадам Байден коронавирус эпидемиясынан жапа чеккен штаттардын бийликтерине «тез жардам» көрсөтүү деп атады.

2020-жылдын 3-ноябрында АКШда кезектеги президенттик шайлоо болуп өттү. Добуштарды эсептөө жана бул маселе боюнча сот процесси дагы деле уланууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, Байден жеңишке жетүү үчүн керектүү сандагы шайлоочулардын добушун алып, Трампты утуп алган. Демократ өзүн АКШнын президенти деп жарыялаган. Ал эми Трамп Байден өзүн өлкөнүн жаңы лидери деп атоого шашылганын белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>