Ош облусунун төрт районунун көк бөрүчүлөрү Таласка келип достук беттешин өткөрөт. Бул тууралуу «Ынтымак» командасынын жетекчиси Талас Бегалиев билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, мелдеш ушул жылдын 23-24-ноябрь күндөрү Таластагы Райхан Алканов атындагы ипподромдо өтөт. Эки облустун төрт районунан сегиз команда түзүлүп күч сынашат. Байге фондусуна бир миллион сом коюлган.