Site icon Reporter.kg

Президент катышкан «Мурас» турниринин жеңүүчүсү аныкталды

Бишкек шаарында 27-28-майда өткөн футзал боюнча кезектеги «Мурас» достук мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду башкы дарыгерлерден, медициналык мекемелердин жетекчилеринен турган «Ден-Соолук» командасы ээледи. Оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду “Спорттук федерациялар” командасы алып, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты «Президенттин командасы» командасы, төртүнчү орунду жана 100 миң сомду «Коопсуздук» командасы жеңип алды.

40 жашка чейинки оюнчулары бар командалардын ичинен «Билим» командасы биринчи орунду ээлеп, ага чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду 300 миң сомдук байге сертификаты менен «Журналисттер» командасы ээледи.

Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты «Спорт Жылдыздары» командасы утуп алса, төртүнчү орунду жана 100 миң сомдук сертификатты “Өнөр” командасы алды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктап, эң күчтүү болгон «Ден-соолук» командасы жеңгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы бул мелдешти уюштуруунун максаты — сергек жашоону пропагандалоо экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Ар бир мелдеш сайын командалардын, оюнчулардын жана жеңишке умтулуунун духу көтөрүлүп жатканы кубандырат.

Президент Садыр Жапаров спорт ар бир адамдын жашоосунда болушу керектигин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version