Site icon Reporter.kg

Байге 3 млн сом. Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын кош байге айтышы өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдагандай, айтыш 30-31-августта саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Байге фонду 3 млн сом.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version