Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2023-жылы 26-ноябрда шаар тургунуна чала тааныш адам Wildberries интернет дүкөнү аркылуу Москвадан байпак жеткирип берем деп 300 миң рубль алып, алдап кеткен. Арадан 1 жыл 2 айга жакын убакыт өткөндөн кийин 2025-жылы 9-январда алданган жаран милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында 27 жаштагы шектүү (А.А.) 6-мартта Москвадан Ошко учуп келгенден кийин кармалып, Бишкекке алынып келген. Ага электрондук көзөмөлгө (электрондук билерик тагылып) алуу бөгөт чарасы тандалып, камактан бошотулган.
Учурда анын башкы алдамчылык фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.