Site icon Reporter.kg

Байсалов Атамбаев тууралуу: Өзүн мыйзамдан жогору коюуда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун экс-президент Алмазбек Атамбаевди коштоочулар кордогондугу тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Аткаминер өзүнүн пикирин Твиттерде билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коюуну улантууда.

«2019-жылы сурактан баш тартып, куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн Кой-Ташта тополоң чыгып, анын натыйжасында спецназдын кызматкери набыт болгон жана башка курмандыктар болгон. Эми ал бир нече айдан бери соттошуудан баш тартып жатат. Кандай укук менен? Ал миңдеген башка айыпталуучулардан же камактагылардан кандайча жогору? Ошон үчүн түрмө, түрмө режими, абактагы адам соттун жана эскорттун талаптарына баш ийүүгө милдеттүү», — деп жазган Эдил Байсалов.

Ал ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын адвокаттарына дооматы жок экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор мурдагы мамлекет башчыга карата бейбаштык фактыларын тастыктаган. Маалыматта 23-мартта кылмыш иши каралган күнү Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна катышуудан жазуу жүзүндө баш тартканы жана баш тартуу боюнча жазуу түрүндөгү арызын жетекчинин нөөмөтчүсүнө тапшырганы айтылат.

Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон.

Exit mobile version