Site icon Reporter.kg

Байсалов блогер Карыбек уулунун видеосу жөнүндө үн катты

Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов өзүнүн социалдык түйүнүндөгү баракчасына блогер Улукбек Карыбек уулунун соңку репортажындагы айрым кемчиликтерге нааразы болуп, аны мындай кадам менен саясий упай топтоо аракети катары сыпаттады.

Ал кайрылуу толугу менен:

Кымбаттуу туугандар!

Көптөн бери айтылчу сөз эле, бирок мына кечээ күнкү Улукбектин видеосунан кийин, элдин көбү да түшүндү болуш керек. Биз мобул өзүн-өзү интернет жылдызы кылып дайындап алган иничек-карындаштарды бир нукка салып, тартипке чакырышыбыз керек деген ойдомун. Кыргыз эли башынан эле чындыкты, акыйкаттыкты сүйгөн элбиз. Азыр мамлекет жетекчилиги баш болуп, бардыгыбыздын каалаганыбыз өнүгүү жана элге кызмат кылуу.

Журналисттердин миссиясы да коомдук кызыкчылыкта, бийликтен болобу, кайсы бир мамлекеттик органданбы, аларды көзөмөлгө алуу жана чындыкты талап кылуу. Ачык айкын коомдун талабын аткаминерлерге жеткирүү, жана жооп алуу. Бирок мунун баары демократиялуу жана маданияттуу коомдо этика жана сылык мамиле менен чечилет. “Бой көтөргөн суук көрүнөт, орой сүйлөгөн жек көрүнөт деп”, — эзелтен эле элибиз оройлукту жактырган эмес.

Бир канча жылдан бери коомубузда “атың чыкпаса, жер өрттө” дегендей, элдин атын жамынып, арзан популярдуулукту издеп, саясий упайга айланткан көрүнүш бар экени жашыруун эмес. Ушундай жүрүш менен саясий карьера жасаса болот тура деген түшүнүк пайда болуп, жаңы “жылдызчалар” пайда боло баштады. Улукбек инибиз деле шайлоого катышып, саясий амбициясы бар экенин жашырбайт. Бирок мындай жол туура эмес экенин депутат болгону дагы, депутат болом деп жатканы дагы түшүнүшү зарыл.

Биз эркин мамлекетте жашайбыз. Аны менен сыймыктанабыз. Бирок ооруканага же мектепке кирип барып эле, ал жерде иштеп аткан кызматкерлерди кекетип, же болбосо, чакыруусу же уруксаты жок эле, иш бөлмөлөрүнө кирип барып, суракка алмай демократиялуу мамлекеттерде жок. Биз дагы мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек.

Өткөн жолу дагы бир “таттуу эмес” канал, жеке менчик ишканага барып, өзүнүн атасы менен тең кароолчу менен чабышып, “мен журналист укугум бар” деп догурунуп, өзүн өзү текшерүүчү кылып дайындап алганына күбө болдук. Бирок, урматтуу мекендештер, биздин мыйзам боюнча, журналист эмес, мамлекеттик кызматтарда да андай текшерүү укугу жок. Санэпидстанция бир ишкананы текшерүүдөн мурда, жазуу түрүндө баланча күнү бараарын маалымдайт деп турат мыйзамда. Азыркы бийлик бул эски эрежелерди кайра карап чыгып, элдин саламаттыгын сактоо көзөмөлдү күчөтүп атабыз.

Жеке менчик фабрика же дүкөн болобу, мамлекеттик ооруканабы, дүйнө жүзү боюнча кирип-чыгыш жана өзгөчө, видеого тартуу боюнча атайын чектөөлөр болот. “Медициналык сыр”, “жеке турмуш” жана “коммерциялык сыр” түшүнүктөрүн биз сыйлашыбыз абзел.

Башка тармактардай эле арттагы 30 жылда кыргыз журналистикасы дагы кадрдык таңкыстыкка учуруганын көрүп турабыз. Бирок жогорку профессионалдуулукту жана журналисттик этиканы эч ким жокко чыгара элек. Социалдык тармак жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган жаңы доордо, анда өзүн алып жүрүүнүн баалуулуктарга көлөкө түшүрбөгөн эрежелери калыптанышы зарыл.

Өкмөт сөзсүз түрдө мындай чектен чыккан көрүнүштөргө чара көрөт” деди Байсалов

Улукбек Карыбек уулу соңку учурда блогер катар түрдүү саясий, социалдык маселелерди чагылдырып келүүдө.

Блогер Улукбек Карыбек уулуна иш козголду. Зулушевдин комментарийи

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version