Site icon Reporter.kg

Байсалов китепканага барып кирүү акысын жоюу керектигин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ошко иш сапары менен келди. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардын социалдык объектилерине болгон текшерүүсүнүн алкагында, Ош облустук Токтогул Сатылганов атындагы китепканасына барды. Ал мекеменин инфраструктурасына, материалдык -техникалык базанын камсыздалышына, китептердин, компьютердик жабдуулардын болушуна баа берди.

Байсалов бул үчүн тиешелүү шарттарды түзүп, жаштарды китепканага тартуу керектигин белгиледи. Ошондой эле китепканага кирүү үчүн акыны алып салуу керектигин белгиледи.

«Мындан ары китепкананын кызматтары бекер болушу керек. Китепкана — билимдин булагы. Бул жерде биз жаштарга, жалпы эле жарандарга керектүү шарттарды түзүшүбүз керек. Республиканын бир дагы китепканасы кызмат үчүн акы албашы керек», — деп баса белгиледи Байсалов.

Exit mobile version