Site icon Reporter.kg

Эдил Байсалов Король Чарльз III таажы кийүү аземине катышты

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун королу Карл III ишемби күнү өзүнүн жубайы, королева-консорт Камилла менен бирге таажы кийип, такка отурду. Диний символизм менен шаан-шөкөт айкалышкан азем Лондондогу тарыхый Вестминстер чиркөөсүндө өттү. Таажы кийүү аземине Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү катары вице-премьер-министр Эдил Байсалов катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары социалдык тармактардагы баракчасына Вестминстер аббаттыгында тартылган сүрөтүн жарыялады — бул Ыйык Эдварддын таажысы, ал тажияда гана колдонулат.

Таажынын өзү 1661-жылы тунук алтындан жасалган. Рубин, аметист, сапфир, гранат, топаз жана турмалин менен кооздолгон. Таажынын салмагы — 2 кг ашык. Акыркы 360 жылдын ичинде аны алты монарх кийген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version