Site icon Reporter.kg

Бакай Кашкарбаев: Садыр Жапаров маданияттуу болгула деди  — видео

Садыр Жапаров тарапташтарын сабырдуу маданияттуу болууга чакырды. Бул тууралуу Жапаровдун активдүү тарапташтарынын бири Бакай Кашкарбаев бүгүн, 7-декабрда социалдык тармакта түз эфирге чыгып жатып айтты.

Ал кечээ, 6-ноябрда Садыр Жапаров туулган күнүндө “Мекенчил” партиясынын мүчөлөрү менен жолуккандыгын жана ал жерде тарапташтарын, ынтымакка сабырдуулукка чакыргандыгын билдирди.

“Садыр Нуркожоевич дагы бир нерсе айтты, ошону айтып коён. Жарым саат жөн отурбай маданияттуу болгула,  тиги жемкорлорго теңелбей маданияттуу сүйлөгүлө, жакшынакай жүргүлө, сабырдуу болгула деп акыл-насаатын айтып отурду.

Элге кайрылып, мындай кийин туура тандоо жасайлы, биригели деди. Менин тегерегимдегилер мурунку кийинки деп бөлүнбөгүлө деп жатат. Мен  ушуну айтып жеткирип коён”, — деген Кашкарбаев.

Exit mobile version