Site icon Reporter.kg

Парламенттин жаңы төрагасы Нурлан Шакиевдин өмүр баяны

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурлан Шакиев шайланды. Ал Талант Мамытовдун ордуна келди.

Төраганын шайлоо жашыруун өтүп, жыйынтыгында ага 80 депутат «макул», 6 депутат «каршы» деп добуш берди.

Нурлан Шакиевдин өмүр баяны

Ал 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен айылында туулган.

Билими: 

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн;

Эмгек жолу: 

— 1996-1997-жылдары – «Обон» гезитинин башкы редактордун орун басары, башкы редактор;

— 1997-1999-жылдары – «Учкун» гезитинин башкы редактору;

— 1999-2004-жылдары – «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;

— 2004-жылдары – Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;

— 2005-2006-жылдары – «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;

— 2006-2009-жылдары  – Президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы;

— 2009-2010-жылдары – «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;

— 2010-2011-жылдары – Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;

— 2012-2014-жылдары – Жогорку Кеңештин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин кеңешчиси;

— 2017-2021-жылдары – «2 канал» (New TV) ЖЧКнын башкы директору;

— 2021-жылдары  № 17 Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

КМШнын аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук медалдардын ээси.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version