Site icon Reporter.kg

Бакиевдин үйүнүн ордуна реабилитациялык борбор курулат

Жыл аягына чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна балдарды реабилитациялык борборунун курулушун бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда фундаментин куюуга чуңкур даярдалды.

«Азыр нөлдүк иш жүргүзүлүп жатат», — деди чиновник.

Эске салсак, объекттин буйрутмачысы президенттин администрациясына караштуу «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы. Жер тилкесинин аянты 1892 чарчы метр (0,1892 га), имараттар (долбоор боюнча) — 1728 чарчы метр, имараттар — 508 чарчы метр. Реабилитациялык борбор мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жибек Жолу проспектисинин 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрдүн ордуна курулат, имараттар буга чейин бузулган.

Exit mobile version