Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эми Бактияр Орозовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Ал буга чейин юстиция министринин орун басары, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары кызматтарында иштеген.