Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө унаа мамыны сүздү, жабыркагандар бар

Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы болду. Унаа жолдон чыгып кетип, карагайды сүзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгынан 3 адам жабыркаган.

Бул жол кырсыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, маалыматты тактап берерин билдиришти.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version