Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
60 жаштагы Бактыбек Бекболотов буга чейин коргоо министри болуп иштеп келген. Ал бул кызмат ордунан бошотулуп, президенттин дагы бир жарлыгы менен коргоо министри кызматынын милдетин аткаруучу болуп Руслан Мукамбетов дайындалды.