«Бакубат Талас” фонду апрель окуясына карата 500 миң сом бөлгөн

«Бакубат Талас” фонду апрель окуясына карата 500 миң сом бөлгөн

6-апрель күнү Талас шаарында “6-7 апрель Элдик революция күнүнүн” 11 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Ага  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун райондорунун акимдери, Элдик революциянын баатырлары, курман болгон баатырлардын туугандары катышты. Бул тууралуу “Бакубат Талас” фондунун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Иш-чараны өткөрүүгө “Бакубат Талас” фондунан 500 миң сом бөлүнүп, ага аталган фонддун директору Батырбек Качкымбаев катышып келди.

Иш чара Элдик революциянын баатырларынын эстелигине гүл коюу менен башталып, Талас облустук музыкалык драма театрында Апрель революциясында курман болгон баатырлардын балдарынын эркиндигин, турмушун, келечегин чагылдырган спектакль менен уланды. Иш-чара келген конокторго тамак тартуулоо жана революция курмандарына куран окуу менен аяктады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>