Site icon Reporter.kg

Бакыт Төрөбаев: Шайлоого катышпайм, элди алдоо мүнөзүмө туура келбейт

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышпайт. Ал мындай билдирүүнү Фейсбук баракчасына жарыялады.

Ал мындай кадамын Жогорку Кеңештин VII-чакырылыштагы парламентти реформа жасай албастыгын, андыктан кийинки парламенттик шайлоого даярдык көрөрү менен түшүндүргөн. 

“Жогорку Кеңештин VII-чакырылыштагы парламентти реформа жасаган, өзгөртүү кылган парламент болооруна менин көзүм жетпейт. Ошол себептен 5 жылдын аралыгында кийинки парламенттик шайлоого, биз шайлоочунун оюн, ой жүгүртүүсүн, мамлекетке болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү боюнча иштерди алып барабыз. Ошондуктан, бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм. Элди алдап парламентке келүү менин мүнөзүмө туура келбейт. Бирок, биз саясий процесстерде өз үнүбүздү угузганга, өкмөттүн, бийликтин кылган иштерине жардам берип, туура эмес болгон жерде сын айтып, ошону менен иш алып барабыз”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Төрөбаев пандемияга байланыштуу шайлоого сарптала турган каражатты элге, медицина жана билим берүү тармактарына, жеке ишкерлерди колдоого жумшай тургандыгын айткан. 

“Пандемияга байланыштуу мен парламенттик шайлоого сарптала турган акча каражатты элге, медицина жана билим берүү тармактарына, жеке ишкерлерди өстүрүү жана өсүп келе жаткан жаш уул-кыздардын аң-сезимин жакшы жака өзгөртүү боюнча иш чараларга жумшайын деп чечтим. Чындыгында бул шайлоодо акча каражаттын атаандаштыгы болот, акча каражат көп кетет. Бүгүнкү күндө шайлоочунун көз карашында программа, идея жөнүндө эмес, ким канча берет экен деген суроону көп берип жатышат. Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш”, — деген Төрөбаев.

Буга чейин Бакыт Төрөбаевдин «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанары айтылып жаткан. 

Exit mobile version