Site icon Reporter.kg

Бакыт Төрөбаев: Москвада митингге чыккан 5 адам эл эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 7-декабрь күнү  Москвада Мамлекеттик Думанын алдында акцияга чыккан кыргызстандыктарды эл эмес деп атады.

“Өмүрбек Текебаев жазган Конституцияда так жазылып турат, жаңы парламент келгенче биздин ыйгарым укуктарыбыз күчүндө. Ошон үчүн эч кандай моюн бербегиле. Орусияда 5 адам чыгып алып, парламентти легитимсиз деп жатат. 5 адам ал элби?! Бул жерде 6 миллион элибиз бар”, – деди ал.

Москвада акцияга чыккан кыргызстдыктар Баш мыйзамынын азыр сунушталып жаткан долбооруна каршы экенин билдиришип, VI чакырылышынын депутаттарынын мөөнөтү бүткөнүн айтышкан.

 

Exit mobile version