Site icon Reporter.kg

Бакыт Төрөбаев өзбекстандык кесиптеши менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Бишкек шаарында 26-27-январь күндөрү президент Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунун жүрүшүндө, ошондой эле, «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунун алкагында кол коюлуучу документтер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«Кыргыз-өзбек мамилелери достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын зор канааттануу менен белгилегим келет. Быйыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Бул убакыт аралыгында биз кызматташуунун узак жолун басып өттүк, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин бүтүндөй комплекси үчүн фундаменталдуу негиз түздүк», — деди Төрөбаев.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүнүн көлөмү 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 500 миллион доллардан ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын койгон тапшырмасынын алкагында соода алмашуу жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн 2 миллиард долларга чейин жеткирүү пландалууда.

Ходжаев Өзбекстан эки өлкө ортосунда буга чейин жана мындан ары кол коюла турган биргелешкен макулдашууларды ишке ашырууну улантууга даяр экенин билдирген.

«Бул үчүн биздин өлкөлөрдүн бизнес коомчулугу бири-бири менен тыгыз байланышта иштеши зарыл», — деди ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекеттик сапардын алкагында жана кыргыз-өзбек бизнес-форумунун жүрүшүндө айыл чарба, жеңил өнөр жай, курулуш, кайра өндүрүү сыяктуу бир катар документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version