Site icon Reporter.kg

Бакыт Төрөбаев Пекинде өтүп жаткан 12-дүйнөлүк конгрессте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тууралуу сөз сүйлөдү

Бүгүн, 8-июлда Кытайдын Пекин шаарында Жогорку ылдамдыктагы темир жолдор боюнча 12-дүйнөлүк конгресси болуп өттү. Ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаев конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курулушуна өзгөчө көңүл бурган. Анын айтымында, бул темир жол стратегиялык мааниге ээ жана аталган өлкөлөрдүн башчыларынын саясий эркинин аркасында ишке ашырылып жатат. Учурда долбоор практикалык ишке ашыруу этабына өткөн.

Ошондой эле Төрөбаев бул жолдо «Макмал» жүк ташуучу станциясы негизги элемент болорун билдирген.

“Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы жүктөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуучу каттамдын борбору боло турган “Макмал” жүк ташуу станциясы Кыргызстандын аймагындагы негизги объект болот. Логистикалык борборлорду, кампаларды, бажы инфраструктурасын, мультимодалдык кызматтарды түзүү пландаштырылууда, бул толук кандуу инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет»,- деген ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашуун аралыкты камтыйт жана анын бардык аймактарында курулуш иштери башталган, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.

Мындан тышкары министр Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Кытайдын чек араларынын ортосундагы Бедел көзөмөл өткөрүү пункту стратегиялык долбоорун илгерилетүү негизги максат экенин билдирген.

“Өткөн жылы “Бедел” убактылуу өткөрүү пункту ачылып, анын иш жүзүндө ишке ашырууга даярдыгы тастыкталган. Бүгүнкү күндө негизги этап болуп заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” эл аралык автожолунун курулушу саналат. Келечекте “Аксу-Бедел-Балыкчы” темир жол линиясын куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул эл аралык темир жол коридорунун жалпы конфигурациясын бекемдейт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кызыккан өнөктөштөрдү “Бедел” автожолун курууда кызматташууга чакырабыз”, — деген Бакыт Төрөбаев.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү акыркы бир нече жылда 8 эсеге көбөйүп, өткөн жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23 млрд долларды түздү.

Кошумчалай кетсек, конгресске катышуу үчүн дүйнөнүн 108ден ашуун мамлекетинен өкүлдөр келген. Жогорку ылдамдыктагы темир жолдорду курууну талкуулаган 12-дүйнөлүк конгресс үч күнгө уланат.

Exit mobile version